Алмазбек Атамбаев өлкө үчүн эмес, өзү үчүн санаа тартып жатат. Бул тууралуу 24.kg сайтына мурунку премьер-министр Темир Сариев билдирген.
Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин маегинен ал актанууларды гана уккан. “Мен өлкөнүн тагдырына жана өнүгүүсүнө кайгырган адамдын оюн көрө алган жокмун. Ал бийликке таарынып, актанып жатты. Ал өлкө жөнүндө эмес, өзү жөнүндө ойлоп жатат”- деген Темир Сариев.
Ошондой эле, ал Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы түшүнбөстүк жөнүндө суроону өлкөнүн парламентинин мурдагы башчылары Медеткан Шеримкулов менен Адахан Мадумаровдор дагы көтөрүп чыкканын кошумчалады.
“Эч ким жеке маселелерин козгогон жок. Сооронбай Жээнбеков өз позициясын билдирүүсү керек экенин мен дароо айттым. Биз ачык коомдо жашайбыз да. Ар кандай иште эл президенттин оюн дагы билиши керек,” – деп айткан Темир Сариев.
Жолугушууда Сооронбай Жээнбеков саясатчылардын сөздөрүнө, позициясына карата пикир айткан эмес, ал жолугушуунун аягында өз сөзү менен чыккан.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ