Саясый көрөгөч катары сыпатталып келген Фарид Ниязов президенттин аппарат башчысы, ошол эле кезде КСДПнын төрага орун басары катары орду бар. Бийлик короосундагы айрым билерман интригандар Ниязовдун эки ээрге минип алганына нааразы болушуп, бирөөсүн бошотуп берүүсүн талап кыла башташыптыр.
Мындай билдирүү Сооронбай Жээнбековго да жетип, бирок көтөрүлгөн маселе боюнча таккесе жооп айтыла элек экен. Албетте, мыйзамды жана этиканы жакшы түшүнгөн Фарид мырза сөздү көбөйтпөй бир чечимге келип, өзү эле туура кадамды таштаса керек…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ