2020-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ош адистештирилген калыбына келтирүү башкармалыгынын директору Калбаев Дөөлөтбек Калбаевич узак убакка созулган оорудан улам дүйнө салды.
Калбаев Дөөлөтбек Калбаевич 1957 –жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында туулган.
Дөөлөтбек Калбаевич Кыргызстандын маданий мурас обьекттерин сактоо ишине баа жеткис салым кошкон. Анын жетекчилиги алдында Ош адистештирилген калыбына келтирүү башкармалыгы Ош шаарынын 3000 жылдыгына карата архитектуралык эстеликтерди калыбына келтирүү боюнча бардык ири иштерди аткарган.
Акыркы жылдары “Шах- Фазиль” мавзолейин жана башка Кыргызстандын түштүгүндөгү бир катар архитектуралык эстеликтерди калыбына келтирген. Мунун артында Дөөлөтбек Калбаевдин кайнаган иш-аракеттери жана кесипкөйлүгү турат. Анын эмгектери министрликтин алкыштарына жана ардак грамоталары менен белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Дөөлөтбек Калбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, анын жакындарына жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Ал Кыргызстандын маданий мурастарын сактоого өз өмүрүн арнаган адам катары эсибизде калат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ