Бишкектин кичи райондорунда тетиктердин жарылуусунан улам пайда болгон көйгөйлөргө байланыштуу жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармагы” билдирди.
Жылуулук берүүчү тетиктерин оңдоп түзөө иштерине байланыштуу кечки саат 20.00гө чейин 11,12-кичи райондоруна, “Асанбай” кичи районунун түштүк тарабына жана Каралаев көчөсүндө жайгашкан 6-кичи районунун турак үйлөрүнө жылуулук берүү убактылуу токтотулат, бирок ысык сууну берүү токтотулбайт.
“Бишкек жылуулук тармагы” аталган кичи райондордо пайда болгон ыңгайсыздыктар үчүн абоненттеринен кечирим сурайт, жана абалды калыбына келтирүүгө бардык аракетин жумшайт.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ