Menu

Чыныбай Турсунбеков: “АКШ менен байланышты бекемдөөгө кызыктарбыз”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, 27-июнда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтнини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар эки тараптуу кызматташтык мамилелерге жана парламенттер аралык байланыштарга тиешелүү маселелерди талкуулашты.
Төрага АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө баардык аракеттер жумшаларын белгиледи. “2010-жылдан кийин кыргыз парламентинин фунциялары кеңейтилди жана күчөтүлдү, парламент өлкөдөгү эң ачык мамлекеттик орган болуп эсептелет. Биз алты жылдык ишибиз менен сыймыктанабыз. Биринчи кезекте – таза жана ачык-айкын өткөрүлгөн шайлоолор. Жарандарыбыз менен дүйнөлүк коомчулук былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого жогорку баасын берди. Эми алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшашыбыз керек”, – деди Турсунбеков.

Ошондой эле төрага АКШ менен парламенттер аралык байланышты бекемдөөгө кызыктар экенин айтты. Үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда «Демократия үчүн өнөктөштүк» комиссиясынын төрагасы Питер Роскам башында турган АКШ Конгрессинин Өкүлчүлүк палатасынын делегациясын кыргызстанга келиши эки тараптуу кызматташууга жаңы жол ачат деп баса белгиледи.
Ал эми Шейла Гуолтни АКШнын Кыргызстан менен ишеним жана өз ара сый-урматка негизденген тыгыз өз ара аракетин улантуу ниети бар экенин тастыктады. АКШ тарап Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан демократиялык реформаларга ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү уланта бере турганын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: