Ош облустук соту күйөөсүн арматура менен башка чаап өлтүргөн аялдын жаза мөөнөтүн амнистия колдонуп кыскартты. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Такталгандай, бүгүн, 17-июнда облустук соттук коллегиясы күйөөсү бут кийимин чечип жатканда, арматура менен башка чаап өлтүргөн аялдын ишин караган.
Облустук соттун коллегиясы биринчи инстанциянын өкүмүн карап чыгып, өзгөртүүсүз калтырды. Ошол эле учурда, коллегия эки жолу мунапыс колдонуп, жаза мөөнөтүн үч жылга кыскарткан. Натыйжада, ал 6 жыл жаза өтөп, 90 миң сом айып пул төлөйт.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын ноябрь айында Ошто күйөөсүнүн өлүмүнө шектүү катары аялы кармалган. Милиция аялды каза болгон жолдошун жоктоп, боз үйдө ыйлап отурган жеринен кармап кеткен.
Башында маркумдун аялы “сырттан ушундай абалда келген” деген версияны айткан. Тергөөнүн жүрүшүндө, аял алардын ортосунда чыр чатак болгонун, ошол күнү жолдошу үйүнө келип, эңкейип бут кийимин чечип жаткан кезде, жоон арматура менен башка 3 жолу чапканын айтып, күнөөнү мойнуна алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ