Бүгүн, 22-октябрда министр Каныбек Исаков Кара-Көл шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, министр Токтогул Сатылганов орто мектебинде жана “Баластан” балдар бакчасына барып, окуу-тарбия иштери менен кеңири таанышып, мугалимдер жана тарбиячылар менен баарлашып, алардын суроолоруна жооп берген. Мугалимдерди октябрь айынан тартып 30%га жогорулаган маянасы кызыктырып, ал боюнча министрге суроо узатып, толук кандуу жооп ала алышкан.
Жолугушуунун соңунда министр балдар бакчасына китеп белек кылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ