Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Кытай мамлекети биздин стратегиялык өнөктөш”

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кытай улуттук «Кытай Алтыны» алтын кен иштетүүчү корпорациясынын башкы директорунун орун басары Цзян Лян-Ю менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда «Кичи-Чараат» байытуучу фабрикасынын үстүбүздөгү жылдын декабрында ишке киргизилишине байланыштуу маселелер талкууланды.

Абылгазиев белгилегендей, өкмөт инвестицияларды коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурат, кыргызстанда мыйзамга ылайык жана бардык экологиялык ченемдер менен талаптарды сактап иштөөгө ниеттенген инвесторлорду ар дайым колдойт.

“Кытай Эл Республикасы биздин стратегиялык өнөктөш, жакын коңшу жана досубуз болуп саналат, кыргыз-кытай кызматташтыгы өтө жогорку деңгээлде турат”,- деди Абылгазиев.

Өз кезегинде Цзян Лянь-Ю учурда үстүбүздөгү жылдын декабрында «Кичи-Чаарат» ЖАК байытуучу фабрикасын ийгиликтүү ишке киргизүүгө даярдоо боюнча бардык иштер аяктаганын маалымдап, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө аракеттешүүсү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал премьер-министрге компаниянын экономиканын башка секторлоруна инвестиция салуу боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Маалымдама: Куру-Тегерек кенин иштетүүгө 10,5 миллиард сом инвестицияланган, 500гө жакын жумуш орундары түзүлгөн. Байытуучу фабриканы ишке киргизген соң компания инвестицияларды жана жумуш орундарынын көлөмүн көбөйтүүнү мындан ары да улантууга ниеттенүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: