Menu

Лидери жок партиялардын таасири жоголот

Бөлүшүү:

Парламенттик шайлоону партиялар аркылуу өткөрүүнү колго алганыбызды бирөөлөр туура көрсө, ага ичи чыкпагандар да бар. Кандай деп омуроолобойлу, акылдуусунбайлы, баары бир эмки шайлоонун ажаатын деле партиялар ачаары талашсыз. Кыска убакытта өзгөчө бир шайлоо жасап жибериш деген мүмкүн эмес. Реформа киргизем деп чамынгандардын мурдуна чүлүктү салып койчулар бар экенин кантип танбыз? Азыр кимдин заманы? Ким кыргызстанда таасирдүү? Аларга каршы турууга күч жетеби? Кептин баары ошондо, анткени былжыраган төрага, чабал өкмөт башчы, көз каранды депутат, акыйкатсыз сот турганда бирдемкени кыйратып жибериш өтө татаал. Бакыраң көз жаш жигиттердин, кыздардын деле эрки бекем дегендин өзү натуура. Козудай болгон жаштарды карот бөрүлөр көз ачып жумгуча нукка салып коет, же мунун апыртмасы барбы? Буга бир эле себеп бар, акчанын тигилерде жоктугу. Ошондуктан демилгелүү жаштар дагын билермандарга баш ийүүгө муктаж болот.

Баса, азыр парламентте отурган партиялардын айрымдарынын көздөй болгон лидерлери жок. Маселен, “Ата Мекендин” баштыгы Өмүрбек Текебаевдин мөөнөтү сот тарабынан өзгөртүлгөн жок. Демек, шайлоого ансыз барса утушка ээ болот деп эч ким кепилдик бералбайт.

Алмамбет Шыкмаматов канча ыйынса да каражатты жетиштүү өлчөмдө “тууй” албайт. Анын уюштуруучулугу, капчыгы жогорку деңгээлге жер тепкилесе да жетпесин баары сезет. Болгону өрдөк жокто чулдук бий деген таризде сыпаттаса куп жарашат. Садык Шер дагын кийинки шайлоого барбайм деп парталаштарын күйгүлтүккө салгандай болду. Бирок, аны жакшылап шыкактаса балким бул чечиминен кайтаары деле шек жаратпайт. Себеби, саясат деген өзгөрүлмө болорун көрүп эле жүрбөйлүбү? Тигил башка жактан кайкып учуп келген Каныбек Иманалиев, Бахадыр Сулейманов, Сайдулла Нышановдор эгерде партия кубаттуу болбосо башка тарапка ооп кетиши турган иш. Эмнеси болсо да бул партиянын тагдыры эки айрылыш жолдо турганы белгилүү болуп калды.

Лидерин керек болсо падыша кылабыз деген “Республикачылардын” деле маанайы көтөрүңкү эмес. Үчкө бөлүнгөн партиянын кадыры баштагыдай десек жаңылышабыз. Анткени Өмүрбек Бабанов качып кеткен соң фракцияга жарака түшүп, андагы лидерди күм-жам кылып салышып, Жыргалбек Турускуловду ээрге чочойтуп отургузуп койушту. Кырдаал өзгөрөр замат көрсө лидерлер да алмашып кетээри айкын баамдалды. Бийлик тарапка ыкташ керек болгон соң дароо бетиндеги чүмбөтүн сыйрып таштап, жаңы жоолук салынган келинге түспөлдөшүп кетүү оңой эле турбайбы? Өткөндө Өмүкең бираз “кипиш” кылды эле анысынан оңдуу майнап чыкпады. Анын үстүнө коендун жүрөгүн кантип түшүрүш керектигин бийлик куп гана көрсөтүп салбадыбы, чиркин. Ошондой коркоктугун сезген соң элди дүрбөтпөй деле койсо туура болмок. Бирок,
ортодон кылак этип чыга калган шылуундардын амалынан чыгалбаган Бабанов кыйла банкрот болду. Анткени Москвага баргандарды бакпаска чарасы жок эле. НТС каналында күпүлдөгөнү сокур тыйынга турбады, тескерисинче шылдыңга, аңгидотко айланды. Ошентип “Республиканын” келечеги бүдөмүк бойдон калганы ырас. Эгерде шайлоодо Бабановдун буту жергебизди баспаса анда эле бул партиянын ооматы өчөт.

Калган партиялардын деле кадыры бийиктеп кетти дешке ооз барбайт. Дымактуу делген КСДПнын бактысы толук ачылбаса, ток этерин айтканда адилет министрлиги маселени оң чечип бербесе азыркы лөктөрдүн тилеги орундалган болот. Анткени алар күчтүү атаандаштарды жарышка түшүрбөөгө кызыктар. Керек болсо ошондой шартты дагын түзүп алышы кеп эмес. Айтор, эмкиде өтө турган парламенттик шайлоонун боектору өзгөчө түскө ээ болот десек аша чапкан болбойбуз. Чын эле өтмө тосмо 9 пайызды түзө турган болсо көп партиялар жарыштын чаңында калаарын деле кыстара кетели. Жок дегенде элдин тагдырын ойлогон бир чыгаан партия парламентке келер бекен деген санаа бираз түшүнүгү бар кишини ойлонтпой койбойт.

Ж. Улукшер

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: