Menu

Сапар Исаков: «Көк-бөрүнүн» ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилиши – жалпы кыргыз эли үчүн зор жетишкендик»

Бөлүшүү:

«Көк-бөрү» салттуу ат оюндарынын ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргыз Республкасынын атынан киргизилиши – жалпы кыргыз эли үчүн зор жетишкендик», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 20-декабрда, «Көк-бөрү» салттуу оюнунун номинациясын ЮНЕСКОнун тизмесине көрсөтүүгө жана ага даярдык көрүүгө салымын кошкон жумушчу топту сыйлоо аземинде.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясына, Кыргыз Республикасынын «Көк-бөрү» федерациясына жана «Көк-бөрү» боюнча улуттук курама команданын спортчуларына улуттук оюнду жайылтууга жана кыргыз тарыхын жана маданятын даңазалоого кошкон салымы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

«Бул жетишкендик жалпыбыз үчүн чоң жеңиш болу саналат, биз сиздерге абдан ыраазыбыз. Мен сиздер мындан ары карай да Кыргызстандын атын алыска чыгарган бул сыяктуу демилгелерди алга жылдырууңуздарды каалайм», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт өз тарабынан мындай демилгелерди ишке ашыруу үчүн колдон келген көмөгүн берүүгө даяр.

«Мен биздин спортчуларга жаңы ийгиликтерди, анын катарында эл аралык аренадагы жетишкендиктерди кааалайм. Келерки жылы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт жана жалпыбыз сиздердин жаңы жеңиштерге күбө болобуз деген ишенимибиз бар. Сиздерге ар дайым өлкөбүздүн желегин бийик көтөрүп жүрүүңүздөрдү каалайм», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Иш-чаранын соңунда Өкмөт башчы «Көк-бөрү» – салттуу ат оюну» номинациясын ЮНЕСКОнун тизмесине көрсөтүүгө жана ага даярдык көрүүгө салымын кошкон жумушчу топтун мүчөлөрүнө активдүү иши үчүн алкыш каттарды тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: