Menu

Өлкөдөгү лотерея ишин Мамлекеттик лотерея компаниясына өткөрүү демилгеси сунушталууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште өлкөдөгү лотерея жаатындагы иштерди жөнгө салууга багытталган “Лотереялар жөнүндө”, “Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын бириктирилген долбоорлору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорлоруна ылайык, мындан ары лотерея боюнча мамлекеттик гана компаниялар иш алпара турганын белгилеген демилгечилердин айтымында, өлкөдөгү лотереялык ишти жөнгө салуу үчүн Граждандык кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Жол фонду жөнүндө”, “Китепкана иши жөнүндө”, “Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө”, “Меценаттык жана кайрымдуулук иши жөнүндө”, “Туризм жөнүндө”, “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

Талкуу жүрүшүндө депутат Мирлан Жеенчороев демилгечилерден мыйзам долбоорунун негизги концепциясын дагы бир ирет тактап коюуну өтүндү. Демилгечи депутаттардын бири Төрөбай Зулпукаров белгилегендей, аталган мыйзам долбоорлоруна биринчи окууда киргизилген сунуштардын ичинен лотереялык иштер менен алектенген монополиялык негиздеги мамлекеттик ишкана түзүү жана анын алкагында максаттуу чегерүү фондун ишке киргизүү сунушу демилгечилер тарабынан колдоого алынды.

Ошондой эле, өкмөт дагы мыйзам долбоорун колдогондуктан, демилгечилердин бири катары чыгып жатканы белгилүү болду. Өлкөдө лотерея ишин жүргүзүү үчүн Мамлекеттик лотерея компаниясы түзүлүп, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттин кызматы ага атайын лицензия берет.

Депутат Айнуру Албаева мыйзам долбоорун антикоррупциялык жана укуктук экспертизадан өткөрүү сунушун берди. Анын пикиринде, ал бир катар улуттук мыйзамдарга каршы келет. Демилгечилердин бири депутат Азамат Арапбаев Өкмөттүн оӊ корутундусу бар экенин эске салды.

Белгилей кетсек, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттин кызматынын маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстанда лотереялык ишмердүүлүк багытындагы 46 лицензия менен 25 компания иш алып барууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: