Menu

Ташкентте чек арачыга бычак сайган студентке кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Ташкентте Ислам институтунун 4-курсунун студентине карата кылмыш иши козголду. Ал Өзбекстандын чек ара кызматкерин бычак менен жарадар кылууга шектелүүдө.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин биринин айтымында, студент 13-декабрда Казакстанга качууга аракет жасаган маалда кармалган. Кармоо учурунда ал Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара кызматкерин 45 сантиметр узундуктагы, колго жасалган бычак менен сайган. Окуя болгон жерге атайын аскер тобу келип, студентти кармап кетишкен. Жаракат алган чек арачы ооруканага жеткирилген.

Ислам университетинин коопсуздук бөлүмүнүн кызматкеринин билдиришинче, студент – намангандык, артыкчылык менен окуган, төрт жылдан бери окуу жайда бир да жолу тартип бузган эмес.

Студенттин курсташтарынын айтымында, кылмышка шектүү буга чейин кандайдыр бир экстремисттик аракеттерди жасаган эмес. “Аны Казакстанга айланма жол менен бара жатканда жөн гана кармап алышкан. Ал жакта атасы жашайт. Ал коңшу республикага дайыма эле барып турчу”, – дешти алар.

Намангандык студентке карата кылмыш иши козголду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: