Menu

Айданек Текебаева бүгүн атасын туулган күнү менен куттуктап, үй-бүлөлүк сүрөттөрүн жарыялады

Бөлүшүү:

Абактагы саясый туткун Өмүрбек Текебаев бүгүн, 22-декабрда 59 жашка толду. Саясатчыны кызы Айданек туулган күнү менен куттуктап, үй бүлөлүк сүрөттөрүн жарыялады:

“Бүгүн менин атам 59 жашка толду.
Ал Менин атам болгонуна тагдырыма жана кудайыма чексиз ыраазымын. Өзөктүү, акылман, чынчыл, адилеттүү, ак көңүл адам. Айлана-чөйрөдөгү адамдар мени атам менен салыштырып, “сен атаңа окшошсун” деп айтышат. Мен бул үчүн аябай сыймыктанам. Мен атам сыяктуу болгум келет, ал сыяктуу өлкөм үчүн мен дагы өзүмдүн кандайдыр бир салымымды кошкум келет. Ал менин улуу адамым.
Мен чынчылдык сыяктуу адамдык сапатты жакшы өздөштүрө алдым. Бир жолу кичинекей кезимде атамды майда-барат бир нерсе үчүн алдап койгомун, атам ал тууралуу билип, өтө сабырдуу: “Чындыкты айтуу ар дайым жакшы, биринчиден калпычы адамды эч ким сыйлабайт, ал эми экинчиден бирөөдү алдоо өзүңдү алдоого барабар, өзүң менен дайым чынчыл болуш керексин!” деп жеткиликтүү тил менен түшүндүрүп берген.
Ата Сизди туулган күнүңүз менен куттуктайм! Сизге биринчи кезекте узак өмүр, бекем ден соолук каалайм! Биринчи кезекте Сиз үй-бүлөңүзгө жана Элиңизге керексиз. Бул сыноолор бизди тек гана күчтөндүрөт. Жакынкы келечекте биз баарыбыз бирге болобуз. Эн башкысы үмүттү үзбөстөн, намыстануу менен башты өйдө көтөрүп, алдыга умтулуубуз керек. Биз ЖЕҢГЕНДЕРДЕНБИЗ! Мен Сизди аябай жакшы көрөм жана Сиз менен бирге убакыт өткөргөн убакыттарды аябай сагынып жүрөм!”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: