Menu

Бухарада муфтийдин буйругу менен байыркы тыт бактары кыйылды

Бөлүшүү:

9-июнда Өзбекстандын Бухара облусунда шейх Бахауддин Накшбанди мавзолейинин аймагындагы дээрлик 700 жылдык куурап калган тыт бактары кыйылды.

Мавзолейдин сайтындагы маалыматка караганда, байыркы тыт бактары Өзбекстандын муфтийи Усманхан Алимов чыгарган фатванын негизинде кыйылган. Анда бак-даракка жана тоо-ташка сыйынуу Кудайга шерик кошуу болуп эсептелери жазылган.

Муфтийдин Бухара облусунун имамына жазган катында «мавзолей аймагындагы байыркы бактарды кыюу чечими Бухаранын ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашылганы» белгиленген. Мындан тышкары анда өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан барган адамдар тыт бактарга сыйынып, каалоолорун орундатууну суранып жаткандыктан, аларды кыйып салууну өтүнгөн.

Бирок айрым өзбекстандык социалдык түйүн колдонуучулары көп жылдык тарыхы бар бактар кыйылгандыгы тууралуу жаңылыкты терс кабыл алышты. Алар бул окуяны «саясий исламдын кезектеги жеңиши» деп аташты.

Өлкөнүн Маданият министрлигинин басма сөз катчысы тарыхый жана маданий эстеликтердин жок кылынышын сынга алды. Анын айтымында, Бухарадагы байыркы тыт бактары чет өлкөлүк туристтерди кызыктырып, өзүнө тартып келген.

Айрым маалыматтарга караганда, мавзолей аймагында тыт бактар 700 жылдан бери өсүп турган. Бухара облустук маданият башкармалыгынын кызматкери бактардын курагы окумуштуулар тарабынан аныкталганын билдирди.

Уламыштарга ылайык, тыт бактар шейх Бахауддин Накшбандинин жерге сайылган аса таягынан өсүп чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: