Menu

Видео – Расул Умбеталиев: “Батукаевдин бошотулушу боюнча Аида Салянова түздөн-түз күнөөлүү, ага Нарындын аскер прокурору “баары мыйзамсыз болуп жатат” деп кат жөнөтүп турган”

Бөлүшүү:

“”Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна ошол кездеги генпрокурор Аида Салянова түздөн-түз күнөөлүү болгон”, – деп билдирди 13-июнда Апрель баатыры, коомдук ишмер Расул Умбеталиев.
“2013-жылы 9-апрелде Нарын шаардык соту Азиз Батукаевди түрмөдөн бошотууну алдында жана бошоткондон кийин да, эки жолу Нарын аскер прокурору Майрамбек Акматалиев генпрокурор Аида Саляновага расмий кат жазып, “Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткону жатышат, мен протест жазам” деп кайрылган. Аида Салянова өзүнүн орун басары Усманова аркылуу “баары мыйзамдуу болуп жатат, аралашпагыла” деп жооп берген. Нарын шаардык сотунун мыйзамсыз чечимине Генепрокурор аппеляция бериш керек эле. Анткени мыйзамдар одоно бузулуп жатпайбы. Алтургай Нарын шаардык сотунун төрагасы Батукаевди бошотуу тууралу чечим чыгаргандан кийин “Биздин чечимибиз бүгүндөн баштап күчүнө кирип жатат, бул аткарылыш керек. Бирок прокуратура Жогорку сотко аппеляция бергенге акысы бар” деп кошумчалап айтып жатат. Бул боюнча генпрокуратурага жазылган прокурорлор Айтманбетов менен Майрамбек Акматалиевдин катына Аида Салянова “соттун бул чечими бүгүндөн баштап күчүнө кирди, биз аны аппеляцияга бере албайбыз. Соттун чечимин мыйзамдуу деп таптык” деп жазып, жооп берип жатат. Аида Салянова түздөн-түздөн-түз өзүнүн орун басары Людмила Усманова аркылуу жооп берип жатат. Дагы бир айта кетүүчү нерсе бул соттун чечими кабыл алынгандан кийин 10 күн өткөндөн соң гана күчүнө кирет деген мыйзам бар. Ошол 2013-жылы 9-апрелде Азиз Батукаевди бошотуу тууралу Нарын шаардык сотунун чечими чыккандан кийин 10 күндүн ичинде прокуратура аппеляция жазбаса анан гана сот чечими күчүнө кирет. Ошондон кийин, 10 күн өткөн соң гана Батукаев абактан чыгарылыш керек болчу. Бул жерде 10 күн күтпөй эле, ошол эле соттун чечими чыккан күнү машинага салып чыгарып, ЖАМКнын атайын тобу менен самолетко чейин узатылып жатат. Генпрокурор муну да мыйзам бузуу катары баалап, чара көрүш керек болучу. Бул жерде да Аида Салянованын түздөн-түз чоң күнөөсү бар. Анткени ал сот чечимине жана ЖАКМнын аракетине аппеляция бериш керек эле. Генпрокуратура мыйзамдын кынтыксыз аткарылышын көзөмөлдөп, бузулган жеринде токтотууга милдеттүү. Анын үстүнө Аида Саляновага Нарындын аскер прокурору атйын кат менен кайрылып, мыйзамдын бузулганын расмий билдирип жатпайбы. Мыйзам бузулуп жатат, соттун чечими туура эмес кабыл алынды, аппеляция жасаш керек деп. Ошондо Аида Салянова соттун чечими туура эмес болду деп аппеляция бергенде бүгүн камалбайт болчу. Генпрокурор мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөйт, башка мамлекеттик органдардын мыйзамды так аткарышын талап кылат. Аида Салянова мыйзамдын так аткарылышын талап кылгандын ордуна, тескерисинче өзү мыйзамды бузуп, Азиз Батукаевдин чыгып кетишине уруксат берип жатат. Анан “Батукаевдин бошотулушу туура болгон., мыйзам бузулган жок” деп билдирип жатат”, – деди Апрель баатыры, коомдук ишмер Расул Умбеталиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: