Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2016-жылдын февраль айынан тартып, “Тарых жана маданият” жылынын алкагында Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, “Манас” эпосун кеңири даңазалоого түрткү берүү, тил, тарых, маданият дөөлөттөрүн тереңдетип иликтөөгө шарт түзүү жана Мамлекеттик тилде изилдөө жүргүзгөн изденүүчү-аспиранттарга колдоо көрсөтүү максатында “Манас” эпосун изилдөө боюнча “Манас” эпосу – кыргыз тарыхынын, тилинин, маданиятынын соолбос булагы” аттуу сынак жарыялаган.
Атайын түзүлгөн калыстар тобу тарабынан сынакка келип түшкөн илимий иштердин арасынан жобого ылайык 8 автордун эмгеги мыкты деп тандалып алынды. Эмгектерди кароодо калыстар тобуна берилген илимий иштердин авторлорунун аты-жөнү жашырылып, номерлер менен белгиленип, купуя түрдө берилген. Ал эми калыстар тобунунун курамында Абдыкерим Муратов, Тынчтыкбек Чоротегин, Топчубек Тургуналиев, Аалы Молдокановдор болду.
Сынакты жыйынтыктоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2016-жылдын 16-декабрында саат А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ