2017-жылдын 28-ноябрь күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен жарандарды кармоого багытталган “Сирена” планынын негизинде ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында Бишкек шаарынын Исанов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери үчүнчү качкынды кармашты. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
– 22.01.1985-жылы туулган Ачылдурдиев Багтият Турдукулович, Түркмөнстандын жараны, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168 берене (каракчылык), 348-берене (документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу же жашыруу) жана 174-беренесинин (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде камакка алынган.
Төртүнчү качкынды кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ