Алматыда сот араб тилиндеги диний ырларды угуп, аларды интернетте жайылткан Шухрат Кибировго карата өкүм чыгарды. Ал диний кастыкты козутууга, терроризмди пропагандалоого айыпталып, 6 жыл 8 айга эркинен ажыратылды.
Мамлекеттик айыптоочу буга чейин Кибировду 11 жыл түрмөгө кесип, мүлкүн мамлекеттин карамагына алууну сураган.
Шухрат Кибиров 2014-жылы «Алим Ахметов» аттуу колдонуучунун аккаунту менен «ВКонтакте» социалдык түйүнүндө араб жана чечен тилдеринде диний насаат ырларын жарыялаган деп айыпталган.
Шухрат Кибиров сотто айыптоолорду четке какты. Анын адвокаты өкүмдү даттанарын билдирди. Жактоочу Галым Нурпеисов соттун бул өкүмү – кандай жагдай болбосун бейкүнөө адамды терроризм же диний экстремизмге айыптаса боло турганын көрсөтүүдө деп эсептейт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ