Menu

Видео – Рыскулбеков Анарбек, Апрель баатыры: “Рыскелди Момбеков Таластын душманы! Кө…ү! 5 жыл депутат болуп олтуруп, элге эмне кылып берди?

Бөлүшүү:

“Эй, Рыскелди аке, мени жаман көрбөй, бери карасаңыз, бул жакка сиздин кандай тиешеңиз бар? Сизди ким жөнөттү? Рыскелди аке мен сени беш колдой билем, экөөбүз 2005-жылдан бери бирге иштешип жатпайбызбы? Сен кимге “дежурный”, мен кимге “дежурный” экенибизди мен жакшы билем. Сен ким үчүн байыганыңа чейин билем, Атамбаев менен Розага ыракмат айт сен. Түштөн кийин келип, бөйрөгүңдү таянып турасын. Бапылдайсың эле бапылдайсың, колуңан эч нерсе келбейт!” – деп билдирди кечээ, 22-июнда жергиликтүү кеңештин депутаты, Апрель баатыры Рыскулбеков Анарбек Таластагы жолдун курулушун текшерип барган мурунку КСДПчы, азыркы атамекенчи депутат Рыскелди Момбековго карата ачууланып.

Ал учурда мунун баарын видеокамерага тартып жаткан жаранга депутат Рыскелди Момбеков “сен эмнеге тартып жатасын?” деп мурду менен бир тийди эле, оператор: “эмне, тартса болбойбу? Эмнеге тартпайм мен?” деп каяша кайтарып укпай койду.

“Эй Рыскелди, Талас үчүн эмне кылып бердиң, айтчы? Бир айыл өкмөтүнүн да ишин аткара алган жоксун. Кошомат кылып, өз чөнтөгүңө гана иштеп жүрөсүн… Бул 10 күндүк депутатбы? Депутат эмес! 5 жылдан депутат болуп олтурат энеңдиурайын десе! Буга жол текшергенди ким койду? Коңгайтиевдин чайын ичип алып, Таластын баары атка тескери мингизди!… Таластын эң душманы ушул. Рыскелди Таластын көтү! Бетине айтайын: көтү! Эмне кыласыңар, камайсыңарбы? Депутаттарды сөгөм, эми карматып жатат. Урдум ушул Рыскелдини. Мени менен 10 жыл иштешке бул акмак! Азыр карматпайт, кабинетине барсак киргизбейт. Коңгайтиевди мактап, Таласка ок аткандарды, энеңдиурайын десе! Мунун мамлекетке пайдасы жок, мамлекетке зыянынан башка пайдасы жок. Ачык эле айтам, элдер угуп койгула: Рыскелди Момбеков – бул мамлекетке пайда эмес зыян, блядь! Мен муну эң жакшы билем. Эми түштөн кийин, 5 жылдан кийин келип, жолду карап жатасың. Эй Рыскелди аке, жүрчү Шекерге, эркексинби? Мен эркекмин, чыгасынбы? Мен чыгам, Рыскелдиге каршы мен далай чыгып жүргөм. Сени менен далай жолу мушташка чыккам. Сен Таластын көтүсүн блядь! Көтсүн Таластын! Кошоматчылар блядь! Таласка пайдасы жок иттер! Таластын депутаты эмес, көт! Азыр Шекерге кирсе өлүп калмак энеңдиурайын” – деди Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылдык депутаты, Апрель баатыры Рыскулбеков Анарбек.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: