Электрондук окутууну киргизүү үчүн региондорду өнүктүрүү боюнча президенттин тапшырмасы менен бардык облустарда инновациялык мектептер ачылган. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, жалпы билим берүү процессине электрондук жана мультимедиалык технологияны киргизүүнүн пилоттук долбоору башталган. 30 инновациялык мектеп жаңы окуу эмеректери, акыркы үлгүдөгү компьютерлер, көп функционалдуу каражаттар, интерактивдүү доскалар, сервердик жабдыктар жана видеоконференциялык байланыш системалары менен камсыздалган. Илимий багыттагы предметтерди окутуунун сапатын жогорулатуу максатында аталган инновациялык мектептер 300 түрдүү лабораториялык каражаттар менен жабдылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ