Menu

Бишкекте «Улуттук мекенчил күчтөрдүн» курултайы өтүүдө

Бөлүшүү:

Бишкекте өздөрүн «Улуттук мекенчил күчтөр» деп атаган кыймылдын Республикалык курултайы өтүп жатат.

Иш-чаранын күн тартибинде — Курултай институтун Конституцияга киргизүү жана жаңы паспортто “улуту” графасын калтыруу маселелери каралат.

Уюштуруу комитетинин башчысы, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров курултайга чакырылган бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары келбегенин билдирди.

Өздөрүн «Улуттук мекенчил күчтөр» деп атаган кыймылдын активисттери 28-апрелде Бишкекте жыйын өткөрүп, аймактарда курултайларды өткөрүү жана бир айдан кийин борбордо чогулуу чечимин кабыл алышкан.

Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин апрелдин башындагы жыйынында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катыша турган Элдик курултай институтун калыбына келтирүүнү сунуштаган. Курултайларды өткөрүү тууралуу нормалар өлкө Конституциясынын 52-беренесинде жазылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: