Menu

Өзгөчө ысымдуулар: Гүласал Садырбаева, экс-депутат: “Алгач атым эч жаккан эмес”

Бөлүшүү:

– Атам жаңы замандын дагы, эски замандын дагы кишиси болгон экен. Эски заман дегеним динге кызыгып, араб тилин билген адам болгон. Араб тилиндеги чыгармаларды көп окугандыктан менин атымды китептен карап Гүласал деп койгон экен. Алгач атым эч жакпагандыктан эмне үчүн меникиндей ат эч кимде жок дей берет элем. Себеби мындай атты эч кимден укчу эмесмин. Кийин ЖОЖго барганда бир таластык курбу кызымдын апасынын аты дагы Гүласал экенин уккандан кийин ушундай дагы ат бар экен деп ынангам.

Минюра РАХИМЖАНОВА, ырчы:
“Миниатюрная болсун деп…”
– Мен төрөлгөндө чоң энем ооруп төшөктө жатып, келбеттүү, назик кыз болсун деп орустардын “миниатюрная” деген сөзүнөн Минюра деп ат койгон. Эң өкүнүчтүүсү чоң энемди көрбөй калдым. Себеби азан чакырылып атым коюлгандан кийин энем жарык дүйнө менен кош айтышкан экен. Көрбөсөм да чоң энемдин арбагына, ушундай өзгөчө ысым ыйгарганына ыраазы болуп келем.

АЙАР, ырчы:
“Башка ысымга алмаштырбайм”
– “Мусулман болгондон кийин өзүбүзгө тиешелүү аттарды коюш керек, адамдын жашоосу да ысымына байланыштуу болот” – көп угам. Бул сөздөргө ишенсе болот. Менин атымды чоң атам “Жигит болгондо элинин керегине жараган, акыл-эстүү, жакындарына аяр мамиле кылган, адамгерчиликтүү болсун деп Айар деп койгон экен. Азыр чындыгында адам эмес, жансыз нерселерге да аяр мамиле жасайм. Эмнегедир абдан боорукермин. Атым өзүмө жагат. Эч качан башка ысымга алмаштыргым келбейт.

Ыргал КАДЫРАЛИЕВА, экс-депутат:
“Ыргалбек сулуу деп эркелетишчү”
– Үй-бүлөдө сегиз бир тууганмын. Төрт уулдан кийин ата-энем “кыз болсо экен” деп сурап-тилеп алган эркесимин. Алдын ала ар кайсы атты тандашып, “Кыз болуп калса нускалуу болсун деп Нускайым койсокпу” – деп ойлонуп жүрүшүптүр. Мен төрөлгөндө атам ысым тандап, көпкө чейин аты жок жүргөн экем. Эч кимде жок ат издеп, акыры Ыргал дегенге токтолуптур. Көпчүлүк учурда атымды алгач уккандар түшүнбөй “Жыргал эмеспи?” – дешет. Мектепке барганда деле аты-жөнүм Ыргал Кадыралиева экендигин билбептирмин. Анткени үйдө эркектер менен өскөндүктөн Ыргалбек сулуу деп эркелетишчү. Башталгыч класстагы эжейим да кошуна болгондуктан ошентип атачу. Кийин билсем атым Ыргал экен.

Дархан, ырчы:
“Өз атым Тариель”
– Негизи төрөлгөндө атайын азан чакырып коюлган атым Тариель. Бул ысымды мага чоң апам койгон. Ошондуктан Тариель деген атты уксам эле чоң апамды эстей берем. Кийин атымды Дархан кылып алмаштырып алгам. Азыр бардыгы мени ушул ысым менен аташат. Паспортумда да Дархан деп жазылган. Эки атым тең өзүмө жагат.

Өктөм САПАР уулу, ырчы:
“Кыздарга атымды айткандан уялчумун”
– Өктөм деген бийиктик дегенди түшүндүрөт. Бул ысымды атам койгон. Мектепте окуп жүргөн кезимде кыздар менен таанышып калганда атымды айткандан уялчумун. Жактырбай, канча нааразы болдум… Бирок кийин түшүндүрмөсүн издеп, чанда кездешүүчү нукура кыргыз атым бар экенин билгенден кийин жактырып, азыр тескерисинче сыймыктануу менен айтып калдым.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: