“17 секелек кыздын тирүүлөй күйүп кеткенин саясатташтырбагыла, айтпагыла!”
“Биздин жерди басып алганын саясатташтырбагыла, айтпагыла,
өзбек күч органдары биздин жарандарды кармап кеткенин саясатташтырбагыла, айтпагыла!”
Бийлик, бийликтин камчысын чапкан кулдун тукумдары, эсиңерге келгиле, жаш кыздарыбыз тирүүлөй күйүп, жарандарыбызды барымтага алып, жерибизди басып алып жатышса, биз кантип үн катпай турабыз?
Бүгүн бийлик, 17 шейит кеткендерди эскерүү жыйынына атайын тажаал ОБОНдорду, 20 чакты спортсмендерди даярдап алып келишиптир. Эскерүүгө келген адамдар тарагандан кийин, эстеликке илинген жазууларды, коюлган гүлдөрдү тазалайбыз деп милиция келиптир. Мына, бийликтин жүзү.
Мавлян Аскарбеков, “Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ