Өлкөбүздө жумушсуздук күч алып, сырткы миграция күчөп турган кези. Көр оокаттын айынан Россия Федерациясынын борбору болгон Москва шаарында иштеп жүрүшкөн биздин жарандарыбыз тилсиз жоо болгон өрттөн каза табышты. ЖМКлардын берген маалыматы боюнча Кыргызстандын 17 жараны 27-август түнү басмаканада тез жайылган өрттүн кучагында калышкан. Арасында 16 жашаар кыз жана кош бойлуу келин бар экени маалым болду. Бул оор жоготууга баарыбыздын кабыргабыз кайышып, дүйнөбүз бөксөрүп турат. Бул кыргыз элинин кайгысы, кыргыз элинин жоготуусу. Мындай учурда каза болгон жарандарбыздын жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп көңүл айталы.
Урматтуу, мекендештер, баарыңыздарды эртеӊ, 28-августта, саат 12.00.дө борбор калаабыз Бишкектеги Уркуя Салиева апабыздын эстелигинин алдында, аза күтүү акциясына чакырабыз!
Бөдө кырсык кыргыз элинин башын бириктирет эмеспи. Кайгыда кайдыгер болбойлу!
Уюштуруучулардын атынан Авланбек Жумабаев, Клара Сооронкулова жана башкалар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ