Menu

Максатбек Женбеков, экс-мэр: “Алмаз Шаршенович, Кыргызстан үчүнчү революцияны көтөрө албайт, кыргыз элинен кечирим сурап отставкага кетип калыңыз!”

Бөлүшүү:

Урматуу Алмаз Шаршенович!

Сизге кайрылууну жеке өзүм чечтим. Акыркы 2016-жыл Кыргыз эли үчүн өтө оор жылдардан болду, бийлик үчүн да. Сизди түшүнүп турам сиз үчүн өтө кыйынчылыктарга туш болуп жатканыңызды.Сиздин тегериңиздегилер Акаевдин да, Бакиевдин да башын жегендер, алар азыр кийинки президентке шарттарды түзүп, ошол адамга иштей башташты. Сизди элге жаман көргөзүү менен Кыргызстандагы акыбалды туура эмес жеткирүү менен алек болушуда.

Командаңызда бир да өлкөнүн масштабында ой жүгүртүп Кыргызстанды бул кризистен алып чыгып кетүү жолдорун көргөзгөн инсан жок. Сиздин бир гана ишенгениңиз Икрам, анын ишенгени Эркин. Эми ойлонуп көрүң, ушул эки жигиттин Кыргызстанга инновациялык жол менен өнүктүрүү жолдорун көргөзүп, экономикалык-социалдык өнүгүү эмне экенин көргөзө алдыбы?

Калган кадрларыңыз Чыныбай баш болуп, Таир ж.б.у.с. бизнесмен, прихватизацияга катышкан, коррупционер, налогдорду төлөбөй качкандар, сиз ойлогондой иш алып барбай өз кызыкчылыктары менен жашап калган чиновниктер. Батукаев, “Кыргызгаз”, “Русгидро”, таможня, молдован бинесмен, чегара маселеси, бүгүнкү конституцияга өзгөртүү, экономикалык кризисти сиздин мойнуңузга илип койуп, карап шылдындап, күлүп гана олтурушат. Атамбаев качан качып кетет экен деп. Билем, сиз менин айткандарым менен макул болбойсуз, бирок ушулар сиздин түбүңүзгө жетет.

Ошондуктан Алмаз Шаршенович, кыргыз элинен кечирим сурап отставкага өз каалооңуз менен кетсеңиз эл сизди кечирет деп ойлойм. Кыргызстан үчүнчү төңкөрүштү көтөрө албайт!

Максатбек Женбеков

Маалымат: Максатбек Женбеков Алмаз Атамбаевдин бир кездеги соратниги, Жалал-Абад шаарынын Убактылуу Өкмөт дайындаган 2010-2012-жылдардагы экс-мэри.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: