Кечээ, 13-ноябрда абакта жаткан Алмазбек Атамбаев билдирүү таратты. Анда ал «түрмөгө мен эле отурайын, калганын бошоткула!”,-деди, кыскасын айтканда. Анын мындай билдирүүсү кызуу талкууну жаратты. Анын билдирүүсү боюнча биз мурдагы депутат, коомдук ишмер, профессор Каныбек Осмоналиевге кайрылып, оюн уктук.
– Каныбек Осмоналиевич, Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү эмнени билдирет деп ойлойсуз? Ал муну менен эмнени айткысы келген?
-Атамбаевдин кайрылуусу бир топ ойлорго түрткү берет. Ал өзүнүн эң аянычтуу абалга келип калаарына кедерги болгон кылмыш иштерине көңүл бурбай эле сот жообуна тартылып кете турган жакын адамдарына “болушуп” отурганында бир мандем бар. Демек, алардын сотто ачыкка чыгарып жибере турган бир топ сырлары бар го?! Болбосо эмнеге жанына күч келип жатат? Кой-Таш боюнча козголгон кылмыш иштери, Батукаевди качыргандары боюнча коюлуп жаткан дооматтарга жооп бериши керек го, акыры! Демек, айыпталуучулар жең ичинен биригип алышып, бирдиктүү коргонууга өтүшкөндөй.
Анын үстүнө тергөө иштери өтө эле созулуп кетпедиби. Ошонун сапатына дагы дооматтары күчтүү окшойт. Айтор, бийликке кыйын эле болуп калды. Сот жана тергөө органдарынын өтө эле мажирөө иштегендиктери ушундай арабөк абалга алып келип койду! Чынында ал тармактарда чыныгы кесипкөйлөрдүн жоктугу кашкайып эле билинип турат. Тааныш-билишимдер иштесин деп жатышып, сот, прокуратура системасын ойрон кыла турган болушту. Ошондуктан, Атамбаев баш болгон айыпталуучулардын баардыгы саботаж жолуна түшүп алышты окшойт! Аттиң гана дегенден башка сөз жок!
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ