“Мен учурдан пайдаланып айтып койсом дейм, президенттик шайлоо алдында мен президенттикке талапкер болуп кетип жатканда келечек боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар болгон эмес”, – деп билдирди бүгүн, 19-декабрда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатып.
“Ошондуктан мен шайлоо кампаниясы учурунда элдин алдына чыгып, программамды жарыялаганда эч кимден коркпой-үркпөй айткамын “мен силердин араңардан чыккамын, өтүк кийип, малчы менен жүрүп, дыйкан менен суу суугарып, айылдагы мугалимдер жана врачтар менен чоогу жүрүп, көйгөйлөрдү жакшы билем, ошон үчүн мен элдик президент болуп беремин” деп убада кылгам. Мен ошол, эл алдындагы убадамды аткарып жатам. Ал эми менин артыман эмне деген макулдашуу болду, эмне деген сценарий түзүштү, кандай сүйлөшүүлөр болду, ал менин проблемам эмес, ал ошол сүйлөшкөндөрдүн проблемасы. Ал менин проблемам эмес. Айтып атышат, мени “сатып кетти, саткын” деп, “саткын, Жээнбеков сатып кетти” деп. Мен бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргойм деп, элге убада берген эмесмин. Мен элдин кызыкчылыгын коргойм деп элге убада бергем. Мени бир адамдын же топтун кызыкчылыгын коргобой койгон саткын дешсе дей беришсин, кудай мени жалпы кыргыз элибиздин, кыргыз мамлекетинин жана кыргызстандыктардын кызыкчылыгын саткандан сактасын. Кудай сактасын!”, – деди президент Сооронбай Жээнбеков.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ