Menu

Табылды Матсаков: Садыркуловдун өлүмү… Эксперттер туура корутунду жазышканы үчүн алкышка арзыш керек эле

Бөлүшүү:

-Табылды мырза, алтымыш жаш кутман куракка келгенде артка кылчайып, эмнелерди айта аласыз?

– Мен алтымышка чыгып, эс тарткандан бери мамлекеттин жетекчилери Т.Усубалиев, А.Масалиев, А.Акаев, К.Бакиев, Р.Отунбаева, А.Атамбаев жана учурдагы президент С.Жээнбековду көрүп жатам, өкмөт башчыларын айтпай эле коёюн. Союз убагында талапты катуу койгон орто мектепти бүтүрдүм жана союздук республикалар арасында алдыңкы орунда турган мединститутту, кийин улуттук университеттин юрфагын бүтүрдүм. Эки ыңкылапты, үч Көчмөндөр оюндарын баштан өткөрдүм, ата-энемди, бир туугандарым Төрө, Манас, Марлис, жакын досторум Тыныбек менен Аттокурду кайра жаратканга тапшырдым. Эл катары үйлөнүп-жайланып, бала-чакалуу жана неберелүү болдум. Эки ирет чоң кызматка турдум. Кудайыма миң мертебе ыраазымын!

– Адамда өкүнгөн жагдайлар да болот да?

– Албетте, кээ бирлерин айтайын. Жогуруда айткандай, апамдын, бир туугандарымдын жана досторумдун жарыкчылык менен эрте кош айтышканы. Жакшы нукта келе жаткан саламаттык сактоонун, билим берүүнүн жана айыл чарбанын акыбалынын төмөндөп кетиши. Бир тууган бир тууганына процентке карыз бергени. Кыз-келиндердин назиктигинин, мээримдүүлүгүнүн азайышы жана түрмөдө көп жыл отуруп чыккан эркектердей сөгүнгөнү, ага карабай чоң кызматтарда отурушу. Аял-эркектин ортосундагы теңсиздикти айтышып, бирок, ошол эле аялдар шайлоолордо эркектерге добуш бергени. Айласыздан жарандарыбыздын сыртта күн кечирип жүргөңдүгү. Орустардын «генералдыкты самабаган солдат солдат эмес» дегенин туура түшүнбөй жана ата-бабабыз айтып келген «беш кол (манжа) тең эмес» дегенди билмексенге салып, «мен чоң болушум керек» деп канча кил чыгышыбызды билбей, тууган-тааныштардын, таасирдүү адамдардын эшигин каккыламак турсун «жыртып», алыбызга карабай тойтоңдогонубуз. Дагы айта кетчү нерсе, мен көп учурда бетке айтып жүрүп, «ошонун мага эмне кереги бар?» деп өкүнчүмүн. Бирок, ушул жашка келип ойлосом, туура эле бетке айтып жүргөн экенмин.

– Эки ыңкылап боюнча кандай ой-пикирдесиз?

– Экинчи ыңкылап жөнүндө айтайын, себеби, менин турмушумда өзгөчө эсте калды. Биринчи кезекте мени республикалык соттук-медициналык экспертиза башчысы болуп турган жеримен мыйзамсыз иштен алышты. Ыңкылаптардан кийин мамлекетте негизги көрсөткүчтөр бир топ жылга артка кеткенин көрдүк, ошого байланыштуу көпчүлүк элдин турмушу жакшы жакка өзгөрбөгөндүгүн жана мамлекетти өз калыбына келтириш өтө кыйын экенин баарыбыз билдик. Эс- акылы демейдегидей жарандар «бийлик мыйзам ченемдүү жол менен алмашканы туура болот экен» деген ойго келди.

– Сиз экинчи ирет кызматка дайындалганыңызда кээ бир маалымат каражаттары чуу көтөрүп чыгышты. Анын себеби эмнеде?

– Адегенде биринчисин айтайын. Республикалык соттук-медициналык экспертизага жетекчиликке эки ирет ачык кон-курска катышып, утуп чыгып, анан 2008-жылдын башында дайындалгам. Менден мурун жана менден кийин бири да ачык конкурстун негизинде дайындалган эмес. Ачык конкурска катышкандардын арасында менде гана «2000-жылдан бери башкы эксперттикке резерв кадр болуп саламаттык сактоо министрлигинде каттоодо турат, «Саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери», жогорку окуу жайынын жакшы бүтүрүүчүсү катары Москва шаарындагы илим изилдөө институтунда эки жылдык клиникалык ординатураны бүткөн, көп район, шаарларда (Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Таш-Көмүр, Өзгөн) жетекчилик кызматтарда иштеген» деген нерселер бар экен.

Анан 2010-жылы апрелде ыңкылап болуп, өз чөнтөгүн биринчи орунга койгон жетекчилер өздөрү эле кабинеттерин таштай качып кетишти, кээ бирин коллектив кууп чыкты, ал эми мени коллективим андагы убактылуу өкмөттүн төрайымы Р.Отунбаевага кат жолдоп, «биз Т.Матсаковдун жетекчилигинде иштейбиз, ал киши эки жылда мурунку жетекчи талкалап кеткен кызматты ордуна койду» деп кайрылышкан. Жетекчи кандай иштегенин коллективден артык ким билет? Мени министр ошол кат менен таанышкаңдан кийин кызматтан албай көпкө жүрдү, бирок, ыңкылаптын маңызын түшүнбөгөндөр министрге кысым жасап, мени кызматтан алдырышты. Кызмат талашуу, натуура кызмат бөлүштүрүү жана башка терс көрүнүштөр башаламандыкты жаратып жатты. «Бизде парламенттик башкаруу» деп байма-бай айта башташты. Кийин мыйзамдуу бийлик орногондо мен арыз менен парламентке кайрылдым, «мени мыйзамсыз кызматтан алышкан, менин ишимди карап бергиле» деп. Анан 2015-жылдын орто ченинде ЖК комитети (төрагасы Э.А.Сакебаев) «мурунку кызтатына тете кызмат берүү меселеси каралсын» деп чечим чагарып, аны аткарууну өкмөткө жүктөдү. Комитеттин чечимин аткаруу кечеңдеп жатты, а мен болсо тынбай кайрылып жаттым «качан чечим аткарылат?» деп. Акыры сааты чыгып, 2018-жылы 11-июлда мамлекеттик соттук-экспертиза кызматына төрага орун басары болуп дайындалдым.

– Эми эмнеге каралагандарын айтсаңыз?

– 2009-жылы мартга республикалык соттук-медициналык экспертизага М.Садыркулов жана анын жанындагы эки адамдын жансыз денелери келип түшкөн. Аларды экспертиза кылганга беш эксперттен турган комиссия түзүлгөн. Комиссия «М.Садыркулов жана эки адам оттун таасиринен өлгөн болушу мүмкүн» деп корутунду чыгарган. Кийин, тагыраагы 2011-жылы иш ачылып, күбөлөр да «эки машина кагышып, өрт чыкканга чейин алар тирүү болушкан» деп көргөзмө берген. Ал иш боюнча андагы президентибиз Бельгияга расмий сапарында жана биздин мамлекеттин ичинде бир нече жолу «М.Садыркулов жана жанындагылар тирүүлөй өрттөлүшкөн» деп жарыя кылган. Президент комиссиянын корутундусу жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде далилденген маалыматты айтты да, ал кишини тиешелүү органдардын жетекчилери кабардар кылган да. Эксперттер туура корутунду жазышканы үчүн алкышка арзыш керек эле. Ал эми журналисттер («Апрель» телеканалынын жана «Ачык саясат плюс» гезитинин ) биздин кызматтын расмий сайтында жана башка интернет сайттарда (« sudexpert.gov.kg, 24.kg, kaktus.media, rus.azattyk.org») «Т.Матсаков экспертиза жүргүзгөн эмес, экспертизаны беш эксперттен турган комиссия жүргүзгөн, корутунду туура жазылган» деген маалымат турса да, Т.Матсаков экспертизаны өзү жүргүзүп, «автокырсыктан каза болушкан» деп тыянак чыгырган» деп коомго мен жөнүндө жалган маалымат таратышты. Эң кызыгы, «Апрель» телеканалынын журналисттери менин сүрөтүмү таба алышпай, экрандан башка бирөөнүн сүрөтүн (ал тышкы иштер министрлигинде иштеген киши эле) коюп алышып, «ушул Т.Матсаков» деп мени жаманатты кылып жатышты. Ал эми мен сыйлаган экс-депутат, юрист Равшан Жээнбеков колунда эч кандай далили жок туруп «… адам өлтүрүү эмес, жол кырсыгы болгон деп чечим чыгарган экспертти соттук-медициналык экспертизанын башына алып келишти, бул аябагандай жаман окуя» деп бир гезитке маек берди мен жөнүндө.

– Сотко кайрылган жоксузбу?

– Мен билгенден «Кылмыш кылгандыгы тууралуу жалган маалыматты атайылап тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек» деген мыйзам долбооруна мурунку президент А.Атамбаев 2014-жылы кол койсо керек эле. Мен соттолуп жаткан журналисттерди көрүп-билип жүрөм, кандай жаза алышканын, чындык мен тарапта экени да талашсыз, бирок, соттошоюн деген оюм жок. Ал эмес жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссияга да кайрылбайм. Мен аларды түшүнөм, бирөөлөрдүн тапшырмасын аткарып жатышат. Бийлик кызматындагылар кечиримдүү, көтөрүмдүү болушубуз зарыл.

Эл тараза. Менин кандай адам болуп калыптанганыма менин мурунку коллективим оң баасын берип, Р.Отунбаевага жазган катынан билдим. Менин ата-энем коммунист болушкан, мен алардын канынан жаралып жана тарбиясын алдым, мектепте жана институттан тарбияландым, коом тарбиялады дегендей. Ата-энеме болгон карызымдан башка пенделердей эле кутула алган жокмун. Кээ бир адамдар карылык доорго чейин жакшы жүрүшүп, анан жаман карыган болот, мен аларды көрүп кооптоном, Жараткандан «мага жакшы карылык бер» деп суранам. Көбү өзүмдүн кулк мүнөзүмө, пейилиме жана жүрүш-турушума жараша болорун жакшы түшүнөм.

-Жаңы кызматыңыз жөнүндө бир-эки ооз сөз?

– Биздин кызмат Бишкектин Бөкөнбаев-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Жаңы эки кабат заманбап имаратта, негизинен жетиштүү аспаптар менен камсыздалган. Автоунааларды, курулуш-техникаларды, кол жазмаларды, экономикалык, ок атуучу куралдарды, темир жана алардын куймаларын ж.б. экспертизаларды жүргүзөт.

– Пайгамбар жашына жакындап калыпсыз, намаз окуганга, жалпы эле динге болгон көз карашыңыз кандай?

– Көз карашым түз. Мен мечитке Орозо айт, Курман айт намаздарга барам, башка убакта барбайм. Ниетимде «беш маал намаз окуюн» деген оюм бар, «беш парздын бири болгон ажылыкка барсам» деп жүрөм.

– Бош убактыңызды капдай өткөзөсүз, деги бош убактыңыз болобу?

-Убактымды туурн болүштүрүштү билем. Негизги иштен башка үй-жай, тууган-урук, достор менен убакыи өткөзөм, волейбол жана бильярд ойнойм. Кыргызстанда элүү жаштан луу муундагы волейболчуларды активдештирүү планымда бар.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: