Menu

 “Коопсуз шаар-2” долбоорун Кытай компаниясы жүзөгө ашырат экен

Бөлүшүү:

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамкомитети Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd. Кытай компаниясы менен келишимге кол койду. Бул компания “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабында Бишкек менен бүтүндөй республика боюнча жаңы видеокамераларды коюп чыгат. Ошондо 7 облус толугу менен жана Бишкек жана Ош шаарлары, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарча, 73 калк жайгашкан айылдарды камтыйт. План боюнча 306 аппараттык-программалы комплекс ишке киргизилип, анын 226сы стационардуу, 40ы – жылып турма болот. Жалпы жонунан ар түрдүү 3 миң видеокамера орнотулмакчы. Долбоор толугу менен 12 айдын ичинде жүзөгө ашууга тийиш.

Компания жөнүндө маалымат

Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы тендерден утуп чыкты, алар эң аз сумманы сунуш кылышкан – 2 млрд 654,558 млн сом ($38 млн). Экинчи орун алган «Безопасность информационных систем» компаниясы 5 млрд 67 млн 794 тыс. сом сунуш кылган. Үчүнчү – «Вега» радиокуруу концерни, алар “Коопсуз шаардын” биринчи этабын 35 млн долларга жасашкан эле.

Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd. – инновациялуу кытай компаниясы, билм берүүдө, медицинада жб. тармактарда жогорку технологиялык автоматизацияны жүзөгө ашырышат. Буга чейин “Акылдуу шаар” долбоорлорун да жүзөгө ашырып келишкен.

Компания 1997-жылы негизделген. 2010-жылдын январында Шэньчжэнь фонд биржасында катталган. Алар өздөрүн “акылдуу шаар” тармагы боюнча алдыңкы ишкана санайт, Кытайда жасалма жана интеллектуалдык жабдыктарды чыгарышат. Кишинин жүзүнөн тааныган роботторду, пилотсуз учуучу аппараттарды, видеоанализ интеллектуалдык системасын тейлешет. 18-сентябрга карата абалы боюнча рыноктук капитализациясы 6 млрд 79,89 млн юанды түзгөн ($860 млн).щ

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: