Бүгүн 11-октябрда Бишкекте BIF 2019 инвестициялык форум башталаарын уюштуруучулар (форумдун уюштуруучусу – ЖИА бизнес ассоциациясы) билдирди. Алардын айтымында, аталган форум быйыл төртүнчү жыл өткөрүлүп жатат. Бүнүнкү форум “Келечек бүгүн” урааны алдында өтүп, дүйнөлүк деңгээлге чыга ала турган көрүнүктүү кыргызстандык ишкерлер тренддер жана технологиялар жөнүндө кеп куруп, Борбор Азиядагы бизнестин өкүлдөрү аймактык кызматташтык мүмкүнчүлүгүн талкуулашат. Ошондой эле инвесторлорго 700 бизнес-долбоор сунушталып, инвестициялык келишимдердин жалпы баасы 9,5 миллион долларга жетет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ