Бүгүн, 30-июнда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы абактагы Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун адвокаттарынын арызы боюнча анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызын карап жатат. Буга чейин шаардын Биринчи май райондук соту Албек Ибраимовду тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин – 29-августа дейре УКМКнын тергөө абагына камаган.
Соттун жүрүшүнүн адилет болушун талап кылып Албек Ибраимовдун 50-60 тарапкери Бишкек сотунун алдында турушат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ