Menu

Бишкекте психикалык жактан жабыркаган адам участкалык милиционерди бычактап салды

Бөлүшүү:

Бишкекте психикалык жактан жабыркаган адам участковыйды бычак менен сайып салды. Бул туурасында шаардык ИИББнен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-январда саат болжол менен 19.00 чамасында борбордогу микрорайондордун биринен чакыруу келип түшкөн. Анда бир нече бейтааныш адамдар көп кабаттуу үйдүн подвалына кирип алышып спирт ичимдиктерин ичишип, жашоочуларга тынчтык бербей жатышкандыгы айтылган.

Дарек боюнча текшерүү үчүн шаардык милиция бөлүмүнүн участковыйы, милициянын майору М.Н. чакыруу болгон жерге барган. Ал жактан 1966-жылы туулган, буга чейин жергиликтүү милиция бөлүмүнүн профилактикалык каттоосунда жана Республикалык психикалык ден-соолук борборунда каттоодо турган Ф.А. аттуу жаран кармалган. Сүйлөшүү учурунда кармалган жаран бычак алып чыгып участковыйды ичке сайып салган.

Шектүү кармалып, Октябрь райондук ИИБне алып барылган. Милиция кызматкери болсо борбордук ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Учурда кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: