Menu

11 айдын ичинде Орусиядан Өзбекстанга 211 мигранттын сөөгү жеткирилди

Бөлүшүү:

Быйыл январдан ноябрь айына чейин Өзбекстанга Орусияда каза болгон 211 мигранттын сөөгү жеткирилди. Бул тууралуу өлкөнүн ишке орноштуруу жана эмгек мамилелери министринин орун басары Баходир Умрзаков билдирди.

«2020-жылы мамлекеттин эсебинен Орусиядан 211 өзбекстандыктын сөөгү алып келинди. Мындан тышкары алардын үй-бүлөлөрүнө каржылык жардам берилип, тажиясы өткөрүлдү», — деди министрдин орун басары.

Умрзаков мигранттар кандай себептерден улам каза болушканын айткан жок.

Көбүнчө Орусиядагы мигранттар өрт, курулуш аянттарындагы кырсыктар сыяктуу кокустуктардан жана улутчулдардын кол салуусунан улам көз жумушат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: