Menu

Зилалиевдин иши: Айыпталуучу өзүн жаман сезип, сот отурумуна катышкан жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-сентябрда Биринчи Май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш ишин кароону улантты.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу бүгүн сотко жеткирилген жок.

«УКМКнын тергөө абагынан Зилалиевдин ооруп калды делген билдирүүсү келип түшкөн, ошондуктан сот ишине катышуудан баш тартууда. Биз тараптардын талкуусунун баскычында турабыз, бүгүн коргонуу жагын угушубуз керек эле. Биз айыпталуучусуз уланта албайбыз», – деди судья.

Буга байланыштуу сот процессти кийинкиге калтыруу чечимин кабыл алды.

Эске сала кетсек, 2010-2017-жылдары Дүйшөнбек Зилалиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошонун негизинде, 2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алынган. Быйыл, августта тоо-кен тармагында лицензия берүү боюнча «Коррупция» беренеси менен жаңы иш козголгон. Мындай айыптарды четке кагып келет. Анын адвокатынын айтымында, “Зилалиев мыйзамсыз байыган” деген айып негизсиз, себеби ал кызматтан түшкөндөн кийин байыган экен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: