Menu

Антирейтинг. Кайсы министрлер кызматтан кетиши керек

Бөлүшүү:

Бүгүнкү өкмөттүн бийликке келгенине апрелде туптуура бир жыл болот. Өкмөттүн бул курамы элдин эсинде эң ызы-чуулуу кабинет катары калды. Министрлер менен өкмөттүк мекемелердин жетекчилери биринин артынан бири жагымсыз окуяларга жана жаңжалдарга аралашып, ММКлардын сын материалдарынын каармандары болуп жатышты. Ал эми социалдык тармактардын пайдалануучулары тынымсыз тиги же бул иштин көзүн билбеген министрдин отставкасын талап кылып келе жатышат.

Мындай сындарды Жогорку Кеңештин депутаттары да жаадырып келишти. Бир ишти аягына чейин чыгара албайсыңар, тил табыша албайсыңар, иштин көзүн билбейсиңер, жөндөмсүздөр чогулуп алгансыңар, убакытты өткөрүп жибердиңер – бул депутаттардын өкмөт мүчөлөрүнө дайыма тагып келаткан дооматтарынын тизмеги.

24.kg башкаларга салыштырмалуу жаңжалдарга эң көп аралашып калган министрлердин антирейтингин түздү.

1.Жеңиш Разаков, вице-премьер-министр

Жакында эле болуп өткөн кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары адаттагыдай эле өкмөттү айыптады. Айрыкча вице-премьер Жеңиш Разаковду өзгөчө тепкилешти.

Ал чек ара жаңжалы бышып келатканын билсе да тирешкен тараптарды токтотуп, мунун алдын алалбады, ошондуктан өз каалоосу менен кызматтан кетиши керек дешет. Ал аз келгенсип, депутаттар УКМК Жеңиш Разаков Тажикстанды тыңчысыбы же жокпу текшерсин деп талап кылышты.

УКМК депутаттардын талабын аткаруу үчүн текшерүү жүргүзө баштаганда, өкмөт Кыргызстандын вице-премьер-министри тажик чалгын кызматынын тыңчысы деген маалымат туура эмес деп билдирүүгө шашылды. Ал эми Разаков өзү болсо мунун баары ичи тарлардын аракеттери жана чагымдары деп билдирди.

2. Космосбек Чолпонбаев, саламаттыкты сактоо министри  

2018-жылдын июнь айында депутаттар Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2019-2030-жылдарга эсептелген “Саламаттыгы чың адам- гүлдөгөн өлкө” деген программасын катуу сындашты.

Ал эми ноябрда Үй-бүлөлүк медициналык борборлорго байланыштуу чыр чыкты. Космосбек Чолпонбаев Үй-бүлөлүк медициналык борборлорун бириктирип, анын ордуна Бишкекке 4 райондук Үй-бүлөлүк медициналык борборлорун түзүүнү каалаган эле.

Көп узабай эле дагы жаңы жаңжал чыкты. Депутат Аида Исмаилова министр Космосбек Чолпонбаев менен ФОМС жетекчиси бюджеттик акчадан бирден жол тандабас сатып алышканын билдирди. Министрдин жол тандабасы 5,6 млн сом турарын ачыкка чыгарды.

Космосбек Чолпонбаевди өз тармагында реформа өткөрө албай жатат деп, трайбализм оорусуна айыпташты. Министр муну моюнга алды.

2018-жылдын декабрында реанимобилдер боюнча жаңжал чыкты.

2019-жылдын январында депутаттар табып Хашим Зайналиевдин ишин улантып жатканына министрди күнөөлөштү. КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков министр Космосбек Чолпонбаевден министрлик орунду бошотуп берүүнү талап кылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министр Чолпонбаевге ишиндеги кемчиликтери үчүн сөгүш жарыялады.

3. Нурбек Мурашев, айыл чарба министри

Кетирген кемчиликтери боюнча Нурбек Мурашев министр Чолпонбаев менен жарыша алат. Ал бул кызматта 2016-жылдан бери олтурат.

2014-жылы депутат Нурбек Мурашев Улуттук госпиталдын врачы Жамал Тургунбаевди сабап атагы чыгат.

2015-жылы “Бир болчу” Нурбек Мурашев “Өнүгүү” партиясынын өкүлү Кабулжан Кимсанбаевди сабап салат.

2017-жылы бир шайлоочуну бетке урган. Милиция текшерип, ал кишинин ээгине Нурбек Мурашевдин муштуму кокусунан эле тийип кеткен деп чнчим чыгарат.

2018-жылы премьер-министрден сөгүш алат.

4.Кашкар Жунушалиев, ички иштер министри

Бул министрдин кол алдында иштеген милиционерлер көптөгөн кылмыш иштеринин каармандары болушту. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери эле милиционерлер арак ичип мас болуп, машина айдап, адам өлүмү менен аяктаган аварияларды жасап, адам кыйноолорго катышып, жарандардан мыйзамсыз акча талап кылып атактары чыгышты.

5. Гүлмира Кудайбердиева, билим берүү министри

Министр Гүлмира Кудайбердиева быйылкы жылдын 15-февралында премьер-министрден сапатсыз окуу китептерин чыгаргандыгы жана мектептерге интернетти өткөрө албагандыгы үчүн сөгүш алган.

Ошондой эле Кудайбердиевага бала бакчалардын жетишпегендиги, мектеп окуучуларына берилген тамактын сапатсыздыгы сыяктуу айыптарды тагып келатышат.

6.Азамат Жаманкулов, маданият министри

2018-жылдын октябрында министр болуп шайланган 31 жаштагы Азамат Жаманкулов алгач цирктин директорун дайындоодо өзүнүн талапкерин сүрөмөлөп, жаңжалга кабылды.

Андан кийин опера жана балет театрында чыккан жаңжалда аты чыкты. Театрдын көп жылдан берки директору Болотбек Осмоновду кызматтан кетүүгө мажбурлаганы ызы-чуу жаратты.

Булак: 24.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: