2017-жылдын 7-9-июлдарында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул туурасында ӨКМ маалымдайт.
Көпчүлүк аймактарда абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан 6…8º жогору болуп, абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 20…25°, күндүз 37…42º жылуулукка чейин жогорулашы, тоо этектеринде түнкүсүн 18…23°, күндүз 33…38º чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 15…20°, күндүз 30…35º, тоолуу райондордо жана Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 10…15º, күндүз 32…37º, Жумгал районунда 34…39º жылуулукка, бийик тоолордо түнкүсүн 5…10º, күндүз 20…25º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.
Аба ырайынын мындай ченемден тышкары ысык болгон учурунда денени күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөө сунуш кылынат. Айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ