“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму казак бийлигинен Актау полициясы кармаган франциялык режиссер жана журналист Венсан Прадону тезинен бошотууну талап кылды.
Уюм анын кармалышын “сөз эркиндигине негизсиз кедерги болуу” деп атады.
Венсан Прадо жана анын котормочусу Данара Исметова 27-сентябрда кармалган. Жарандык активист Галым Агелеуовдун айтымында, Прадо 2011-жылдагы Жанаөзөн окуясы боюнча фильм тартып жүргөн. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун маалыматы боюнча журналист M6 телеканалы үчүн Ligne de Front продюсердик компаниясынын тапшырмасы менен иштеп жаткан.
“Чек арасыз кабарчылар” уюму Прадонун Казакстанда журналисттик аккредитациясы бар экенин белгиледи.
Бул арада Актау шаарында сот франция жараны Ligne de Front студиясынын режиссеру, журналист Венсан Прадону “Казакстанда жүрүү эрежесин бузду” деп айтыптап, 60 миң теңге (165 АКШ доллары) айып пул салды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ