Menu

Дастан Бекешов, ЖКнын депутаты: “Ташиевге окшогон саясатчылар “9 пайыз эле туура” деп айтышууда. Бирок мындай добушту көпчүлүк партиялар ала алышпайт”

Бөлүшүү:

– Дастан байке, 9 пайыздык шайлоо босогосун 5 пайыздык чекке түшүрүү керектиги боюнча сунуштун демилгечилеринин бирисиз. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Сунуш колдоо табарына ишенесизби?

– Колдоо табабы-жокпу – бул коомдук талкуунун канчалык кызуу өтүшүнөн көз каранды. «9 пайыздык босого менен эле шайлоого бара берели» дегендер да көп болууда. Жарандык коом, айрым саясатчылар, депутаттардан деле «9 пайыз абдан эле көп, 3 же 5, айрымдар 7 пайызга түшүрүү керек» дешкендер да арбын. Бул маселе саясатташпоо керек. Парламентте болбогон Камчыбек Ташиевге окшогон айрым саясатчылар «9 пайыз эле туура» деп айтып атышат. Чынында мындай добушту көпчүлүк партиялар ала албашы айдан ачык.

– Добуш алалбай калуудан кооптонгондор кимдер?

– Кыргызстанда 200дөн ашык партия бар. Майда партиялар, кечээ түзүлө калган кыймылдар көп. Шайлоого аттанууга бел байлап, бирок, 9 пайыздык босогодон өтпөй калуудан кооптонуп жаткандар мындан көп. Анткени, мисалы, 1 млн. 800 миң шайлоочу добуш берүүгө катышса, 9 пайыздык босогодон өтүп келүү үчүн ошонун 162 миңинин добушун алууга туура келет. Эгер 150 миң добуш алса да, ал парламентке өтпөй калган болот. Бул туура эмес да. Канчалаган шайлоочунун укугун тебелеп жатабыз.

– Эл аралык практикада кандай?

– КМШ мамлекеттеринде 9 пайыздык шайлоо босогосу деген нерсе жок. Казакстанда, Россияда, Украинада 5 пайыз, Тажикстанда 7 пайыз. Ал эми Түркияда гана 10 пайыздык чек каралган. Аларда кырдаал башкача болгон. «Күрддөр парламентке өтпөсүн» сыяктуу Эрдогандын саясаты менен атайын киргизилген.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: