Menu

“Шнырлар” достукка жарабайт

Бөлүшүү:

Биздин мамлекетте байлыкты көмүскө жол менен чогулту алгандардын саны азыркы бийликтин учурунда азайып кетпейт десек ынанымдуу болот. Анткени учурда деле кызматка баруунун, түрмөдөн бошотулуунун, тендерде жеңүүчү аталуунун “ставкалары” мурдагыдан жогору көтөрүлдү. Көзү ачтар, колдон келип турганда кызарган бирдемкени жулуп алууга умтулгандар өз “репертуарын” шердентип жаткан убагы. Баягыл эле “каралардын төбөлдөрү” менен коюн-колтук алышкандардын таскагы катуулап баратканы көкүрөктү эңшерет. Бирок, аны алсыратууга күч жетпейт. Себеби, лөктөр өздөрү колтук ачып берип жаткан кези.

Айрыкча түрмөнүн боткосуна малынып, ал жердин аки-чүкүсүн билип калган байлардын “аң-сезими” кыйла байыды, кантип мамиле кылышты, эмненин эсебинен зоболосун өйдөлөтүштү куп өздөштүрүштү. Ошол эле Нариман Түлеев камакта “гүл” жыттап, тамактын чүйгүнүн ашап, тренажордук залда булчуңун чыгарып, положенецтин сүйкүмдүү адамына айланганын жашырбай эле шардана кылып жүрбөдү беле? Баарынан да Акматбек Келдибековдун келин алуу жөрөлгөсү укмуштай резонанска татыктуу болду. Оозу барлардын баары кызуу кепти чаргытышып, узун жомокко айландырышты. Чамасы уйгур кудалары да эмдигиче такылдаган таңдайларын токтото албай кыйналып жатышса керек. Эмнеси болсо уу-дуу кептин очогуна айланган ушул той “тарыхый” бетке жазылат окшобойбу.

Арийне, ар кайсы өңүттүн заң-закүнүн жиликтеген айрым билерман генералдар да четте калбай кызуу кепти токушту. Көрсө “мыйзамдагы ууруларды” дос катары сыпаттоого болбойт экен. Канча ирет тизесин бүгүп, союшун союп, белегин берсе деле байларды тигилер “шнырдан” өйдө көтөрбөйт тура. Мыйзам болбосоң кое кал! Ал эми эркин турмушта кечээги душманыңды доско теңеп, досту болсо жек көрүндү адамга айландырып салуу кадимки көрүнүшкө айланганы жалганбы? Ушундан улам түрмөнүн айрым “салттарын” турмушка ийлеп салгың келип кетет,чиркин!

Өмүр деген учкан куштай зымырап өтүп жатат. Колунда токочу, капчыгында пулу калың болгон байлар эңсөөнүн миңинчи ырын созуп, эч кимди көзүнө илбей билгенин кылууда. Алардын этегин ылдый тартып коюуга “үч тамганын”, баш прокуратуранын, милисанын үлкөндөрү даабай турушканы каңырыгыңы түтөтөт. “Баатырлар” сен тарапты карап ышкырып койсо тигилер заматта колуңду кайрып, кыныңа киргизүүгө аракетин жасайт. “Шнырлар” болсо зоналарга “греф” жөнөтүп кара жанынын кызыкчылыгын көздөйт. Анан кайдагы коррупцияга каршы күрөштү айтып, кримминал ооздукталды деп жар салабыз,кокуй! Эркиндер кара жоргону чыңырта бийлеп, “Ворлор” турнабайын бийиктен салып көзөмөлдөп турган сон былк эткенге дарманын болобу, шоорду кыргыз? Ошол үчүн “шнырлардын” үндөрү бек чыгып, каалаган ырын ырдатып, чартаңбай тээп жаткан турбайбы, атаганат!

Булак: “Ачык сөз”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: