Menu

Иранда генерал Касем Сулейманинин өлүмүнө айыпталгандар өлүм жазасына өкүм кылынды

Бөлүшүү:

Иран бийлиги генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деп айыпталган кишилерди өлүм жазасына өкүм кылды. Тергөөнүн версиясы боюнча соттолгондор америка жана израиль чалгыны менен кызматташып, генерал жөнүндө маалымат берип турушкан.

Жыл башында Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани Багдад аэропортунун жанында аба соккусунан курман болгон. Анда таасирдүү командир түшкөн автоунаага дрондон сокку урулганы айтылган.

Тегеран Вашингтондон өч алаарын жарыялаган жана АКШнын Ирактагы эки аскер базасына баллистикалык ракета менен сокку урган. Жаңжал курчуган маалда – 8-январда Тегерандан Киевди көздөй жол тарткан жүргүнчү учак асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй эле кыйраган. Каргашада 176 адамдын өмүрү кыйылган. Иран бул окуядан төрт күндөн кийин учакты кокусунан атып алганын ырастаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: