Menu

Жалал-Абад: капиталдык салымдарды өздөштүрүү артып барат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында капиталдык салымдарды өздөштүрүү улам артып барат. Быйылкы биринчи кварталда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 157,6 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, өткөн жылы биринчи кварталда 108,6 миллион сомдук капиталдык салымдар өздөштүрүлсө, быйылкы ушул мезгил ичинде өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмү 171,2 миллион сомго жеткен, же болбосо 62,6 миллион сомго көптүк кылат.

Ошого ылайык, курулган турак-жайлардын аянты да өсүүдө. Мисалы, өткөн жылы биринчи кварталда 4598 чарчы метр турак-жай курулса, быйылкы жылдын ушул мезгилинде анын аянты 5248 чарчы метрге жеткен. Демек, 650 чарчы метрге көп болуп, өсүү темпи 114,1 пайызды түзгөн. Курулган турак-жайлар негизинен жеке менчикке тиешелүү болуп эсептелет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: