Ош шаардык кеңешке шайлоолор өткөн 27-март күнү баардык шайлоо участокторунда акча таратуу массалык мүнөздө болгонун активисттер билдиришүүдө. Акча таратуу фактыларын БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов жана Мамкаттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев да таналган жок.
Активисттердин айтымында келген шайлоочуларды көзөмөлдөп, акча таратуу жагынан СДПК, “Кыргызстан”, “Ата-Мекен” жана башка партиялар өзгөчө жанталашып аракеттенишкен.
Бул видеотасмада Ош шаарындагы Бабур атындагы театрдын жанында, N5901-шайлоо участогуна келген шайлоочуларды көзөмөлдөп, акча таратуу фактысы чагылдырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ