Мурунку депутат Кантемир Мурзабеков шайлоону дем алыш эмес, жумуш күнүндө белгилөөнү сунуштады.
“Мен адам укуктарына байланыштуу суроо бергим келет. Ар бир адам эс алууга укуктуу деп жазылган. Бирок биз ар дайым шайлоону дем алыш күндөрү дайындайбыз. Жарандар алты күн иштешет. Андан кийин жекшембиде алар шайлоого барыш керек, ошол жерде күнү бою кезекте турушат. Шайлоону жумуш күнүнө дайындаса болобу?” – деди Мурзабеков.
“Адамдын, жарандын укуктары жана эркиндиктери” бөлүмүнүн башчысы Нурлан Шерипов чет мамлекеттерде да дем алыш күндөрү шайлоо өткөрүлбөйт деп кошумчалады. “Бул маселе Жогорку Кеңеште шайлоо өткөрүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү жолу менен чечилиши керек” деди ал.
Конституциялык жыйындын натыйжалуу иштеши үчүн жумушчу топтор жана катчылык түзүлдү. Жыйындын мүчөлөрү үч секцияда иштешет: “Конституциялык түзүлүштүн негиздери”, “Адамдын жана жарандын укуктары, эркиндиктери, милдеттери” жана “Мамлекеттик бийлик”.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ