Кечээ Жогорку Кеңеште Сооронбай Жээнбековдун өкмөттүк отчету угузулду. Жомоктогудай тим эле. Баары беш экен. Мугалимдердин орточо айлыгы он төрт миң сом болуп, чартаңбай тээп калышыптыр. Андан дагы учурда элдин баарысы өкмөткө көбүрөөк ишеним артып калышкан экен. Ал эми жолдордун талкаланып жатышы, жол кырсыктарынан улам келип чыккан өлүмдөр, айыл чарбасындагы өлбө жаным өлбө болгон аргасыз жагдайлар, дыйкандардын жүрөгүн тилген маселелер көмүскөдө быкшып жатканы боюнча тырмактай иш кылынбаганы өкүндүрөт. Жогорку Кеңештин депутаттары Сооронбайдын согун жакшы эле чыгарымыш эткени менен, кайтып эле баягы «сен мага тийбе, мен сага тийбейм» менен отчетту аякташты. Эми орточо айлыгы 14 миң сом болгон мугалимдер үн катар бекен…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ