Menu

Музыкага жаңы салт киргизген Боб Дилан

Бөлүшүү:

Өмүрү өрнөк инсандар

Белгилүү америкалык ырчы жана акын Боб Дилан Нобелдин бул жолку адабият боюнча сыйлыгынын лауреаты болду. Ал сыйлыкты «америкалык ырдоо  салтында жаңы поэтикалык сүрөттөлөрдү жараткандыгы үчүн» алды. Муну менен дүйнөдөгү эң таасирдүү ырчы жана акын катары таанылган Боб Дилан Нобелге татыктуу болгон алгачкы ырчы катары тарыхта калды. Бүгүн Боб Диландын өмүр таржымалы тууралуу айтып берели.

«Кыргыз» тектүү Боб Дилан

Роберт Аллен Циммерман 1941-жылы 24-майда АКШнын Миннесота штатында орусиялык еврей көчмөндөрдүн үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Анын өмүр баянындагы кызыктуу факт — таенесинин ата-теги Кыргыз деген фамилияны алып жүргөндүгүндө. Бул тууралуу Дилан китебинде таенесинин түпкү теги Түркиядан тарагандыгын жана фамилиясынын Кыргыз экендигин жазган.

Үй-бүлөсү музыкадан алыс болгону менен кичинекей Дилан алгачкы ырларын 10 жашында жаза баштаган. Музыкага алгач аралашып гитараны жана гармониканы үйрөнө баштаган Дилан белгилүү америкалык фолк жана кантри ырчысы Вудри Гатриге таасирленет. Бош убактысында жергиликтүү кафе-барларда музыкант болуп иштей баштап, 1959-жылы биротоло ырчы болууну чечип, сүйүктүү акыны Дилан Томастын урматына Боб Дилан деген каймана атты алат.

1961-жылы Нью-Йорк шаарына келип, кыска убакыттын ичинде музыка чөйрөсүндө аты чыга баштайт. Өзүнө таандык эки гана ырды камтыган алгачкы альбому Bob Dylan 1962-жылы жарыкка чыгат.

Атактуулуктун башы жана «Улуу рок үчилтиги»  

FILE - In this Jan. 12, 2012 file photo, Bob Dylan performs in Los Angeles. Fifty years into his career as a recording artist and a week away from release of an extraordinary new CD, Dylan spent his Tuesday evening where he seems to feel most comfortable ó on a stage. (AP Photo/Chris Pizzello, File) NYTCREDIT: Chris Pizzello/Associated Press

Жаш ырчыга белгилүүлүк экинчи альбому The Freewheelin’ Bob Dylan менен келет. Көптөгөн саясий маанидеги ырлардан турган альбом фолк музыкасындагы эң маанилүү эмгектердин бирине айланып, легендарлуу The Beatles тобу баш болгон бир топ музыканттарга таасир берет. Альбом АКШдагы жана дүйнөдөгү саясий абалга туура келген ырларды камтыйт. Мисалы, Masters of War ыры согушка каршы кыймылдын гимнине айланса, A Hard Rain’s a-Gonna Fall ядролук согуш тууралуу, ал эми Blowin’ in the Wind ал жылдары өлкөдө күч алып баштаган кара терилүүлөрдүн жарандык укуктары үчүн күрөштүн символуна айланат. Андан кийин жалаң гана протесттик ырлардан турган The Times They Are A-Changing, Диландын фолк жанрынан рок-н-роллго өтө баштагынын алгачкы белгиси болгон Another Side of Bob Dylan альбомдору катары менен жарык көрөт.

Боб Диландын рок жанрында ырдай башташы күйөрмандары тарабынан түшүнбөстүк менен кабыл алынып, концерттери нааразылык ышкырыктары менен коштоло баштайт. 1965-жылдын жайында чыккан толук кандуу рок-альбому Highway 61 Revisited болуп көрбөгөндөй популярдуулукка жетишет. Рок музыкасында революциялык мааниге ээ болгон альбомдогу ырлардын сөздөрү адабий журналдарда чечмелене баштайт. Катары менен чыккан Bringing It All Back Home, Highway 61 Revisited жана Blonde on Blonde Боб Диландын «улуу рок үчилтигин»  түзүп, 20-кылымдагы америка маданиятынын эң белгилүү эмгектеринин катарын толуктайт.

1966-жылы автокырсыкка кабылган музыкант чыгармачылыгын кайсы жолдо улантаарын ойлонуу үчүн гастролдорун токтотуп, үй-бүлөсү менен шаар четине көчүп кетет. Көптөр күткөн кийинки альбому John Wesley Harding музыкадагы жаңы жанр болгон кантри-роктун башталышына өбөлгө түзөт.

«Аягы жок турнеге» чыккын ырчы

60-жылдардагы атак-даңкынан кийин чыгармачылык кризиске туш болгон Боб Дилан «Бөйөн» аттуу адабий романын жазып, алгачкы жолу тасмага тартылат. «Пэт Гэрретт жана Билли Кид» тасмасы үчүн жазган Knockin’ on Heaven’s Door ыры эң белгилүү рок ырлардын бири болуп саналып, Боб Марли, U2, Pink Floyd сыяктуу жүздөгөн музыканттар тарабынан ырдалган. Чыгармачылык кризистен кийинки биринчи альбому 1974-жылкы Planet Waves коммерциялык жактан ийгиликтүү болсо, жеке жашоосундагы көйгөйлөрдү камтыган Blood on the Tracks чыгармачылык жактан мурдагы альбомдордун деңгээлине жете алган.

80-жылдардын башында Дилан күйөрмандарын таң калтырып христиандыкка өтүп, диний саптарды камтыган ырларды жаза баштайт. Жаңы эмгектери жакшы кабыл алынбагандыгынан тажаган ырчы өзү «аягы жок турне» деп атаган бүтпөс концерттик турга чыгып, алгачкылардан болуп СССРге чейин келет. Анын бул концерттик туру азыркыга дейре уланып келет.

1990-жылкы Under the Red Sky альбомунун ийгиликсиздигинен улам 7 жылдан соң гана жаңы чыгармаларды чыгара баштайт.

Азыркы убакка чейин чыгармачылыктан узабаган Боб Дилан жалпысынан 35 альбом чыгарып, карьерасы боюнча 9 жолу «Грэмми» сыйлыгын, «Оскар» жана «Алтын глобусту», ошондой эле популярдуу музыкага жана Америка маданиятына кошкон эбегейсиз салымы үчүн Пулитцер сыйлыгына татыган. Rolling Stone журналы аны The Beatles группасынан кийинки музыка тарыхындыгы эң маанилүү аткаруучу деп атаса, Time журналы «20-кылымдын эң таасирдүү инсандарынын» катарына кошкон.

Боб Диландын эң мыкты беш ыры

1 Girl from the North Country girl-from-the-north-country

The Freewheelin’ Bob Dylan альбому (1963)

Фолк жанрына таандык ыр альбомдун көпчүлүк бөлүгүн түзгөн саясий маанидеги чыгармалардан айырмаланып «тынч» түрдө ырдалган. Ырдын 1969-жылкы Nashville Skyline альбому үчүн белгилүү ырчы Жонни Кэш менен бирге аткарылган экинчи варианты да угармандардын купулуна толгон.

2 Subterranean Homesick Blues subterranean-homesick-blues

Bringing It All Back Home альбому (1965)

Боб Диландын алгачкы жолу электрогитара менен ырдаган чыгармаларынын бири.  Алтымышынчы жылдардын аягында Въетнам согушу, жарандык коомдун кыймылы сыяктуу бир топ маанилүү темаларды камтыйт. Ошондой эле азыр биз билген музыкалык клип түшүнүгү бул ырга тартылган видеодон башталган. Музыка тарыхындагы алгачкы клипте белгилүү жазуучу Аллен Гинзбергди көрүүгө болот.

3 Mr. Tambourine Manmr-tambourine-man

Bringing It All Back Home альбому (1965)

Терең маанилүү ыр ырчынын эң белгилүү чыгармаларынын катарына кирет. Боб Диландын бул ыр аркылуу эмне айткысы келгендиги азыркыга дейре күйөрмандары тарабынан чечмеленип келет. Белгилүү америкалык жазуучу Хантер Томпсон жаназасы ушул ырдын коштоосунда коюлуусун буюрган.

like-a-rolling-stone4 Like a Rolling Stone

Highway 61 Revisited альбому (1965)

1965-жылга чейин ырлар 3 мүнөттөн ашпоосу керек деген жазылбаган мыйзам 6 мүнөттүк Like a Rolling Stone жарыкка чыгуусу менен өзгөргөн. 2004-жылы Rolling Stone журналы тарабынан жарыяланган «Дүйнөнүн эң мыкты 500 ыры» тизмесинде 1-орунду ээлеген ыр музыкалык серепчилер тарабынан рок тарыхынын эң маанилүү чыгармасы катары аталып келет.knockin-on-heavens-door

5 Knockin’ on Heaven’s Door

Pat Garrett & Billy the Kid альбому (1973-жыл)

Боб Диландын эң белгилүү жана жүздөгөн ырчылар тарабынан кайрадан аткарылган ырын бир топ тасмалардан да угууга болот. Чыгарма — рок музыканын Алтын фондуна кирген Боб Диландын беш ырынын бири.

 Азат Акаев 

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: