Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-сентябрда, Ереван шаарына (Армения) 1-октябрда өтө турчу Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
ЖЕЭК жыйынынын алкагында ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин башчылары «Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы» форумунун ишине катышышат.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов жана финансы министри Бактыгүл Жеенбаева.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ