Бүгүн, 18-мартта Алматы шаарынын аэропортунда Индиянын Дели шаарынан учуп келген 19 кыргызстандыктарды учактан түшүрбөй жатышат. Бул тууралуу учактын жүргүнчүсү, Жалал-Абад укук коргоо уюмунун башчысы Валентина Гриценко билдирди.
Берилген маалыматка караганада, учак эртең менен саат алтыда Алматынын аэропортуна конгон. Алар менен учуп келген казак жарандары санитардык көзөмөлдөн өткөндөн кийин дароо чыгарылган.
Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу маалымат жок экенин журналисттерге билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ