Menu

Депутаттар чатырларда окуп жаткан балдарга мектеп куруп берүү маселесин көтөрүштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынындагы “ар түрдүү маселелер” саатында бир катар райондордо ар кандай себептерден улам окуучулар чатырларда окуп жаткандыгы тууралуу маселе көтөрүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдири.

Депутат Төрөбай Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги жер титирөөдө Ош облусунун Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айылындагы мектептин үстү түшүп кеткендигин маалымдап, учурда балдар эптеп 1-2 гана класста окуп жатканын, азырынча чатыр менен камсыздоону, негизи мектептин жаңы имаратынын курулушу бүткөрүлүшү зарылдыгын айтты. Бактыга жараша жер титирөө түн ичинде болуп, эч ким жабыркаган эмес.

Ошондой эле Жалал-Абад облусундагы Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Чычкан айылынын мектеби селден жабыркап, окуучулар чатырларда окууларын улантып жатышат. Бул тууралуу депутат Калдарбек Баймуратов маалымдап, биринчи кезекте чатырларда окуган балдарга мектеп куруп берүү керектигин баса белгиледи.

Депутат Дамирбек Асылбек уулу Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Токтоян айылындагы мектептин жаңы имараты курулуп, чатыры жабылбай тургандыгын маалымдады. Депутат жаңы мектеп имараты ушул бойдон тура берсе, жаан-чачынга эзилип, буга чейин жумшалган каражат текке кетерин айтып, чатырлоо маселесин колго алууну өкмөткө багыттады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: