– “Өнүгүү-Прогресс” партиясы курултай өткөрүп, президенттик шайлоого партиянын лидери Бакыт Төрөбаевди сунуш кылды. Ошол эле кезде парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын бир катар депутаттары өз лидерин колдобой, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сүрөөнгө алууда. Депутат Тазабек Икрамов муну ачык айтып чыкты. Башка депутаттары да анын позициясына кошулуп жатыптыр. Бул “Өнүгүү-Прогресс” партиясында ынтымактын жоктугун далилдеп жаткан жокпу?
– Ар бир саясий күч биринчиден, биримдиктүү болушу керек. Чоң саясий жарышка аттанып жатканда, позицияларын тактап алышы кажет. Партия бир команда болуп иштеши керек. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жетекчилиги бул багытта жакшы иштей албай койгон. Анын натыйжасында ушундай көрүнүштөр орун алууда.
– Бул Төрөбаевдин шайлоодогу жыйынтыгына терс таасирин тийгизеби? Анткени өз партиясын эптей албаган адамга эл кантип ишенсин?
– Сөзсүз, бул көрүнүш терс таасирин тийгизет. Эмне үчүн “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын парламенттеги депутаттары өз лидерине ишенбейт? Мына ушул маселени да тактап алыш керек. Төрөбаев да аны иликтеп чыгышы зарыл.
– Айрым талдоочулар Төрөбаевдин деңгээлине ичи чыкпай, анын президент боло турган дарамети жок экенин белгилешүүдө. Сиз мындай пикирлерге кошуласызбы?
– Төрөбаев кийинки президенттик шайлоого катышса болот. Ага чейин тажрыйба топтоп дегендей. Бирок бул жолку шайлоо да ага тажрыйба топтоого жакшы мүмкүнчүлүк берет. Негизи эле Кыргызстанда №1 саясий күч КСДП болсо, экинчи орунда “Республика – Ата-Журт”, үчүнчү таасирдүү саясий уюм “Өнүгүү-Прогресс” партиясы. Ошондуктан Төрөбаев кийинки шайлоого катышса потенциалы толук жетет.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ