Menu

Фото – «Ала-Тоо» аянтында Жаңы жылдын символу жанды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында декабрь айынын келиши менен, Жаңы 2019-жылга даярдык кызуу башталды.

Бүгүн, борборубуздун башкы аянтында өлкөбүздүн жаңы жылдык балатысын жандыруу аземи өттү. Салт боюнча, балатыны Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Жаныбек Абиров жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жандырышты.

Жаныбек Абиров, өзүнүн сөзүндө, «Бүгүн — майрам! Бардыгыбыз күткөн Жаңы жылдын алдында, борбордук балатыны жандыруу — ар бирибизге майрамдык маанай тартуулайт.

Бүгүнтөн баштап, шаарыбызда сырдуулук жана кереметтүүлүк байкалып, ар бирибиз кубанычка бөлөнөбүз!

Бул балаты шаарыбыздын кичинекей тургундарынан баштап, апаларыбыз, аталарыбызга да эң жылуу сезимдерди тартуулайт!

Келе жаткан 2019-жыл токчулуктун, молчулуктун жылы болсун!

Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакыт-таалай, ишиңерге ийгилик жана бакубат жашоо каалайм!» деп шаардын тургундарын жана конокторун куттуктап кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: